CA-NEWS (UZ)- Стамбул экспортчулар бирикмесинин маалыматына ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркияга расмий иш сапары менен октябрь айынын аягында келмекчи. Жоолугушуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен 25-27-октябрда өтөт деп centralasian.org берүүдө.

Акыркы жолу эки өлкөнүн лидерлери 10-сентябрда илим жана технология боюнча Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде, Астана шаарында жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, соода-экономика, инвестиция, туризм жана башка тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралган.

Бул жолку жолугушуунун алдында Шавкат Мирзиёев түрк жарандары үчүн виза режимин жумшартуу боюнча жарлыкка кол койду. Эми алар чакыруусуз виза ала алышат, анын каттоосу юридикалык жана жеке жактар үчүн үч күнгө созулат.

Учурда Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода сатык 1,2 млрд долларды түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин, түрк курулуш компаниялары Өзбекстанда 2 млрд долларлык 110 долбоорун ишке ашырган. Мындан тышкары, түрк компанияларынын Өзбекстанга болгон салымы 1,2 миллиард долларды түзөт.