08.04.19.

Өзбекстан Кытайдын жеңилдетилген насыясынын эсебинен Самарканд облусунда Даргом каналына, эки кичи өлчөмдөгү гидро электр станциясын курууну пландап жатат.

Долбоордун максаты жаратылыш энергия ресурстарын пайдаланууну жогорулатуу, энергетикалык ресурстардын балансын жакшыртуу жана экономиканы  жандантуу өлкөнүн калкынын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыз кылуу болуп эсептелет.

 Шаудар кичи ГЭСи жана 135+50 пикетиндеги кичи ГЭС Кытайдын Соода министрлиги тарабынан бериле турган жеңилдетилген насыянын эсебинен курулат. Долбоордун жалпы баасы 30 млн. долларды түзөт. ГЭС курулушун 2021-жылы бүтүрүү пландалып жатат.

 Кытайдын Эксимбанкы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 25 млн доллар (24,8), ал эми Өзбекгидроэнерго өз эсебинен 5,8 млн. доллар бөлүп берет. Ишке киргизилгенден кийин Шаудар кичи ГЭСинин кубаттуулгу 7,2 МВт, 135+50 пикетиндеги кичи ГЭСинин кубаттуулугу болсо 7,4 МВт болот. Жыл сайын биринчи ГЭС 37,8 млн. кВт/с, ал эми экинчи ГЭС 34,3 млн. кВт/с иштеп чыгат. Азыркы учурда Өзбекстандын электр энергисяына болгон муктаждыгы - 69 млрд кВт/с, 64 млрд. кВт/с иштелип чыгып жатат. Электр энергиясынын дээрлик 86 пайызы газ жана көмүр жагуу менен алынат, 14 пайызын ГЭСтер иштеп чыгарат.

https://ca-news.org/news:1539209