17.04.19.

Ушул жылдын алгачкы үч айында Өзбекстанга барган чет элдик туристтердин саны 42%пайызга өсүп, 1,38 миллион адамды түзгөн.

Бул маалыматты Өзбекстан Республикасынын  өкмөт башчысынын орун басары Азиз Абдухакимов Tashkent Travel Mart көргөзмөсү учурунда    жарыя кылды.

Азиз Абдухакимовдун сөзүнө ылайык, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде  Өзбекстанга 972 миң турист келген болучу. Өкмөт өкүлүнүн билдирүүсү боюнча туристтик кызмат көсөтүүнүн экспортунун өсүшү байкалып жатат, алардын көлөмү 2018-жылдын биринчи кварталындагы 184,6 миллион долларга салыштырмалуу 246,3 миллион АКШ долларын түзгөн (33% өсүш). Расмий маалыматтарга ылайык, 2018-жылы Өзбекстанга 5,3 млн турист келип кеткен. Алардын ичинен 4,6 миллиону - Борбордук Азиядан. Туристтик кызмат экспорту 1 миллиард доллар түзгөн.

https://theworldnews.net/kg-news/v-uzbekistane-potok-turistov-uvelichilsia-na-42-protsenta