19-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык өнөктөштүк боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул жөнүндө мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттөрдүн жана министрликтердин ортосунда инвестиция жана тынчтык максатында космосту изилдөөлөрдү кеңейтүү жана эки тараптуу коргоо, илим, технология жана инновация тармагында кызматташуу, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда өзбек-корей кызматташуу борборун куруу боюнча документтерге кол коюлду.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев: “Биздин сүйлөшүүлөр Өзбекстан жана Түштүк Кореянын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташуусуна. Эки өлкөнүн узун мөөнөттүү кызыкчылыктары менен дал келгендигин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык көйгөйлөр, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелеринде позициябыздын жакындыгын көрсөтүүдө. Бүгүн кол коюлган, өзгөчө өнөктөштүк боюнча биргелешкен билдирүү биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн далилдеп жатат”, - деп белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономика, инвестиция жана каржы-техникалык тармактарында кызматташуу программаларын жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жалпысынан 12 млрд. доллардан ашуун суммадагы келишмдерге кол коюлгандыгы маалымданды.

Өз кезегинде Түштүк Корея өлкөсүнүн президенти Мун Чжэ Ин: “Бүгүн бүт дүйнөнүн назарында болгон Өзбекстандын президентине терең ыраазычылык билдирем. Шавкат Мирзиеев, саясий экономикалык, коомдук жашоодо жана башка бардык тармактардагы реформалары менен Өзбекстанды өнүгүүнүн жаңы дооруна алып барууда. Бүгүн биз эки тарптуу мамилелерге өзгөчө стратегиялык өнөктөш статусун бердик. Аны ишке ашыруу механизмдерин, кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы тармактарын талкууладык, келечектүү макулдашууларга жетиштик”, - деп белгиледи.  

 

https://podrobno.uz/cat/economic/uzbekistan-i-yuzhnaya-koreya-po/