22-апрель күнү GM Uzbekistan ишканасы, Кыргызстанга автоунаа экспорттоону  баштаганын билдирди.

Өлкөгө  Ravon брендинин унаалары жеткириле тургандыгын, компаниянын басма сөз кызматы билдирди.  Мурда билдирилгендей, Беларусь, Ооганстан жана Тажикстанга автоунааларды экспорттоо компания тарабынан жөнгө салынган. Ошондой эле, Казахстандын Костанай шаарындагы "СарыаркаАвтоПром" заводунда унаа чогултуу ишке ашып жатат. 2019-жыл GM Uzbekistan ишканасы тарабынан экспорттук потенциалды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Бул жаата бүгүн компания сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын унаа өндүрүүчүлөр белгиледи.

Эске салсак, буга чейин  өзбекстандык Ravon маркасы Орусияда чогултула баштаганы кабарланган эле. Азыркы учурда Орусиянын Derways заводунда  Ravon конвейери монтаждан өтүп жатат. Жайдын ортосунда, пилоттук моделдерди чогултуу иштери башталмакчы. Ал эми ири түйүндүү өндүрүштү, компания үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жөнгө салууну пландаштырууда.

https://24.kg/ekonomika/115781_uzbekistan_vozobnovil_eksport_avtomobiley_vkyirgyizstan/