25.04.2019.

Россиялык “Лукойл” компаниясы учурда иштеп жаткан долбоорлорду өнүктүрүү үчүн дагы 2 миллиард доллар инвестиция жасоону пландап жатат.

Бул жөнүндө “Лукойл” ачык акционердик коомунун президенти Вагит Алекперов билдирди.

2019-жылдын 25-апрелинде Бухарада “Лукойлдун” директорлор кеңешинин отуруму болуп өттү. Анда “Лукойлдун” президенти Вагит Алекперов жана Өзбекстандын энергетика министри Алишер Султанов катышышты.

“Лукойлдун” президенти Вагит Алекперов билдиргендей акыркы эки жылда Өзбекстанда инвестиция абалы кескин түрдө өзгөрдү.

Вагит Алекперов: “Биз 2003-жылдан бери иштейбиз жана бүгүнкү күндө болуп жаткан өзгөрүүлөр, акча-валюта саясатындагы, энергетика рыногундагы өзгөрүүлөр ыкчам өсүүгө негиз түзүп жатат. ИДПнын жыл сайын 6-7 пайызга өсүп жатканы бизди таң калдырууда. Ошондуктан, биз бул процесстин бир бөлүгү болгонубузга  кубанычтабыз. Лукойл өлкөдө жаңы инвестицияларды, жаңы геологиялык чалгындоо иштерин көздөй тургандыгын  дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет жана динамикалуу түрдө өнүгөөрүнө ишенем”, - деди В. Алекперов.

Ал ошондой эле “Лукойл” учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 2 млрд. доллар инвестиция жасоону пландап жатканын билдирди. Инвестициялар атап айтканда Гиссар ошондой эле Кандым тоо-кен жайларындагы казып алуулардын келечекте азаюсун алдын алуу чаралары үчүн жумшалат.

Маалымдангандай Өзбекстандын бул регионунда “Лукойл” өзбек өнөктөштөрү менен бирге Кандым тоо-кен жайларын иштетүү боюнча  артыкчылыктуу долбоорлорун ишке ашырып жатат. Бул ири долбоордун эң негизи объекти - Борбордук Азиядагы ири комлекстердин бири болгон Кандым газ иштетүү комплекси.

http://www.uzdaily.uz/ru/post/43412