27.04.19.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Хуаңхай – Борбордук Азия – Европа маршурту боюнча темир жол жүк ташууларына бажы салыгын киргизүүнү сунуштады.

Өзбекстандын лидери бүгүн Пекинде болуп өткөн “Бир алкак, бир жол” форумунун алкагында орун алган тегерек столдо баяндама жасады.

“Эл аралык жана регионалдык кызматташуулар деңиз портторуна түздөн-түз чыгышы болбогон Борбордук Азия, анын ичинде биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп келген жана боло бермекчи”-  деди Мирзиеев. Мындан сырткары президент Борбордук Азия регионунун транзиттик мүмкүнчүлүгүн ачууну жана Кытай – Борбордук Азия – Батыш Азия экономикалык коридорунун куруунун актуалдуу маанисин баса белгилей кетти.

Шавкат Мирзиёев: “Ташкент – Андижан – Ош – Иркештам – Кашгар унаа коридорун ишке киргизүү менен бирге көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай жана Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар темир жолдорун куруу долбоорлору стратегиялык мааниге ээ болууда. Ошондой эле Хуаңхай – Борбордук Азия – Европа маршурту боюнча темир жол жүк ташууларына бажы салыгын киргизүү, экономикалык жактан максатка ылайык”, - деди Өзбекстан мамлекет башчысы.  Ошондой эле, Шавкат Мирзиеев Арал деңизинин кургашына себеп болгон кыйратуучу экологиялык кесепеттерди жоюу жалпы милдетибиз деп белгилеп өттү.  Ошондой эле, өнөктөштөрүн БУУнун колдоосу алдындагы Арал деңизи аймагы трасттык фондунун иш-чараларына катышууга чакырды.

“Бир алакак, бир жол” эл аралык форуму алгач ирет 2017-жылы болуп өткөн. Анын максаты жер жана деңиз жолдорун өнүктүрүү менен мамлекеттер арасындагы кызматташтык механизмин күчтөндүрүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө, бул долбоордо Азиядан, Европадан жана Африкадан 126 өлкө катышууда.

Президент Өзбекстандын эң башынан бери “Бир алкак, бир жол” демилгесин колдогонун билдирди. Себеби, бул долбоордун ишке ашуусу  региондогу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү болуп саналат.

https://uz.sputniknews.ru/politics/20190427/11368751/Mirziev-predlozhil-vvesti-skvoznoy-tarif-po-zheleznoy-doroge-iz-Kitaya-v-Evropu.html