2019-жылдын биринчи кварталында Өзбекстан, алтын сатууда дүйнө жүзү боюнча биринчи орунду ээледи. Бул жөнүндө World Gold Council (Алтын боюнча дүйнөлүк кеңеш) билдирүүсүндө маалымданды.

Билдирүүдө Өзбекстандын январь-март айларынын ортосунда 6 тонна 200 кг алтын саткандыгы айтылды.

Январь-март айларында сатуу боюнча экинчи орунду 3,4 тонна алтын экспорттогон  Монголия ээледи, ал эми үчүнчү орунду 1 тонна алтын экспорттогон Тажикстан ээледи. Россия дүйнөдөгү ири алтын импорттогон өлкө. Билдирүүгө караганда, Россиянын Борбордук банкы 2019-жылдын үч айында 55,3 тонна алтын сатып алган. Экинчи орунду Түркия (40 тонна) жана үчүнчү орунду Кытай (33 тонна) ээледи. Апрель айында, Өзбекстандын Борбордук банкы, 2019-жылы чет өлкөлөргө 80 тонна алтын экспорттоону пландап жатканын билдирген. Бул көрсөткүч, өткөн жылкыга караганда 10 тоннага көп. Борбордук Банктын маалыматына караганда мамлекеттик казына 80 тонна алтын экспортунан 3,4 млрд. доллар пайда табат.

https://nuz.uz/ekonomika-i-finansy/40418-uzbekistan-stal-mirovym-liderom-po-prodazhe-zolota.html