27.05.19.

Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүсү жылдын алгачкы 4 айында 26,1 пайызга өсүп 730,6 млн. долларга жетти.

Түркия Өзбекстандын бешинчи эң чоң соода өнөктөшү болду.

Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин билдирүүрүсүнө караганда Түркиянын Өзбекстандын тышкы соодасындагы үлүшү 5,8 пайызды түздү.

Бул жылдын алгачкы 4 айында Түркия Кытай, Россия, Казакстан жана Түштүк Кореядан кийин Өзбекстандын бешинчи эң чоң өнөктөшү болду.

2019-жылдын алгачкы 4 айында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 26,1 пайызга өсүү менен 730,6 млн. долларга жеткен. Өзбекстандын Түркияга экспорту 347,1 млн. доллар ал эми импорту болсо 383,5 млн. долларды түзгөн.

2019-жылдын январь-апрель айларында  2 млрд. 552,1 млн. доллар  жана 20,3 пайыз менен Кытай Өзбекстандын тышкы соодасында биринчи орунду ээледи. 1 млрд. 998,8 млн. доллар жана 15,9 пайыздык үлүш менен Россия экинчи орунду алды. 1 млрд. 54,4 млн. доллар жана 8,4% менен Казакстан үчүнчү орунду ээледи.

Өткөн жылы Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода өлчөмү 39,9 пайызга өсүү менен 2 млрд. 171,8 млн. долларга жеткен.

http://kabar.kg/tur/news/turkiye-ozbekistan-n-5inci-ticaret-orta/