05.28.19.

Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү,чек арадагы транзиттик жүк ташуу боюнча ири масштабдуу иштерди жасоо, техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча иш жүргүзүү максатында,  "Сурханабад" бекети иштей баштады.

Ачылыш аземинде, бул жаңы эл аралык пункт, эки өлкөнү бириктирген "жаңы көпүрө"  ролун ойнойт деп билдирди, "Өзбекстан темир жолу"компаниясынын басма сөз кызматы. Ушул күнгө чейин Өзбекстандын түштүгүндөгү транзиттик өткөрмө, Түркмөнстандын аймагында жайгашкан "Болдир" бекети аркылуу жүзөгө ашырылып турган. Азыр экспорттук-импорттук жүк ташуу иштери жаңы бекетте жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик чек арада жүргүзүлүүчү, бардык бажы жана башка текшерүү иштери боюнча шарттар жеринде түзүлгөн. Компания "Сурханабад" бекети эки өлкөнүн ортосундагы соода, экспорт жана импорттун өсүшүндө маанилүү ролду ээлемекчи.

http://www.uzdaily.uz/ru/post/44048