23.07.19.

2019-жылдын биринчи алты айынын ичинде, Кытай, Орусияны экинчи орунга калтырып, Өзбекстандын биринчи соода шериктеши болуп калды.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында, Кытай менен Өзбекстандын жүгүртүүсүнүн көлөмү $ 3895 миллиард долларды түзгөн.  

Анын ичинен болжол менен $1,6 миллиард доллар экспортту түзсө, $2 миллиарды болсо, импорттолгон товар болгон.

Орусия Өзбекстандын соода өнөктөшү катары экинчи (2 миллиард 984 миллион доллар) орунду ээлеген. Казакстан (1,7 миллиард доллар), Түркия (1,2 миллиард доллар) андан кийинки орундарда  Кыргызстан, Ооганстан жана Тажикстан өлкөлөрү турат.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, Өзбекстан 166 өлкө менен соода-экономикалык мамилелерди жүргүзгөн. Жалпы тышкы соода жүгүртүүсү  $ 20 миллиарды түзгөн. 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 4 миллиард долларга көптүк кылат.

https://finance.rambler.ru/markets/42546155-kitay-lidiruet-sredi-torgovyh-partnerov-uzbekistana/