23.07.19.

Түркия Өзбекстан менен 2019-жылы соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга көбөйтүүнү көздөйт, бирок бул дагы чек эмес. Эки өлкө ортосундагы көрсөткүчтү $ 5 миллиард долларга чейин  жогорулатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Мындай пикирин, Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын (DEİK) төрагасы Наил Oлпак,  Анкарада болуп өткөн Өзбекстан-Түркия бизнес-форумунда билдирди.

Түркия тарабынан уюштурулган бизнес-форумга, Түркиянын вице-премьер минстри  Фуат Октай жана Өзбекстандын вице-премьер минстри  Эльёр Ганиев катышышты.

Түркия, Өзбекстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере тургандыгын Фуат Октай баса белгилеп өттү. Түркиянын вице-премьер минстри Фуат Октай мырзанын айтымында, эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү үчүн буга чейин жетишилген 100дөн ашуун  макулдашуулар жана протоколдор негиз болуп бере алат. Тагыраак айтканда, билим берүү, саясат, медицина, транспорт жана соода тармактары болуп эсептелет.

Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын (DEİK) төрагасы Наил Oлпак, түркиялык команиялар тарабынан дүйнөдө бир нече долбоорлор ишке ашырылгандыгын белгилеп өттү. Ал: “Биз туризм, айыл-чарба, жеңил өнөр-жай, энергетика, тоо-кен сыяктуу эки тарапка тең пайдасы тармактарда иш алып барууга даярбыз” – деп билдирди.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/ozbekistanla-ticaret-hacmimizi-5-milyar-dolara-tasiyacagimiza-inaniyorum/1539135