17.09.19

Ташкент шаарынын акими Жахонгир Артиходжаев, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушуу учурунда, тараптар азыркы мезгилдеги кызматташуунун абалы жана келечекте жасала турган иштер тууралуу пикир алмашышты. Ташкент шаарынын жетекчисинин айтымында, Өзбекстан Республикасынын президентинин Түркияга болгон расмий иш сапарынын учурунда, $ 3,5 миллиард долларга бааланган 30 долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлгандыгын айтып өттү.

Өз кезегинде, Анкара шаарынын жетекчиси Мансур Яваш мырза, эки өлкөнүн жана эки шаардын ортосундагы бир туугандык байланыштар эки тарапка бирдей  пайдалуу болуп келгендигин билдирди. Азыркы учурда, Өзбекстанда 500 түркиялык фирмалар жана компаниялар иш алып барып жатышкандыгын жана алардын жылдык товар жүргүртүүлөрү $ 2 миллиард долларга жетерин белгилей кетти.  

Ошол эле күнү тараптар, өз ара жардам берүү, кызматташуу жана бир туугандык байланыштарды өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Ташкент шаарынын акими, бул документ эки өлкөнүн жана эки шаардын экономика, өндүрүш, курулуш, искусство, маданият жана туризм тармагында кызматташууда маанилүү документ болуп саналат деп белгилеп өттү.  Мансур Яваш мырза азыркы учурда, Анкара шаарынын бир нече көчөлөрүнө Ташкент, Самарканд, Бухара шаарларынын ысымдары берилгендигин белгилей кетти. Ошондой эле ал Ташкент шаарынын көчөлөрүнүн бирине дагы Анкара шаарынын ысымын берүүнү сунуштады. Иш сапарынын соңунда, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш баштаган делегация мүчөлөрү Ташкент шаарында жайгашкан маданий тарыхый мекемелер менен таанышып чыгышты.

 

https://regnum.ru/news/polit/2720924.html