20.09.19

Ташкент шаарында 20-сентябрь күнү, Борбордук Азия регионалдык энергетикалык кызматташтык уюмуна  (CAREC) мүчө болгон өлкөлөрдүн энергетика министрлери “Энергетикалык инвестициялык 2019-форуму” аттуу жыйналышынын алкагында жолугушуу өткөрүштү.

“CAREC” уюму 1997-жылы Азия өнүктүрүү банкынын демилгеси менен аймактагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Азыркы учурда уюмга 11 мамлекет мүчө болуп саналат. “CAREC” уюмунун алкагында аймактагы бажы, транспорт, энергетика, туризм, суу ресурстарын колдонуу сыяктуу тармактарга тиешелүү бир нече долбоорлор ишке ашырылып келген. Бул жылы уюмга Өзбекстан төрагалык кылат. Болуп өткөн форумга  Өзбекстан, Aфганистан, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан жана  Түркия мамлекеттеринин энергетика минстрлери катышышты.

Форумдун ачылыш аземинде, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун саламдашуу кайрылуусун, Өзбекстандын энергетика министри Алишер Султанов окуп берди. Кайрылууда, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, “CAREC” уюмунун аймактагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу бар экендигин жана Өзбекстан конструктивдүү диалог түзүүдө өзгөчө орунду ээлей тургандыгын белгилеген. Ташкент шаарында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан сүйлөшүүлөр, мындан ары дагы аймактагы интеграциялык процесстердин тереңдешине салым кошооруна ишенээрин билдирген.

Ошентип, форумдун жүрүшүндө тараптар аймактагы энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты. Жолугушуу учурунда белгиленгендей, Борбордук Азиянын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн 2030-жылга карата аймакка азыркы учурда колдонулуп жаткан энергиядан эки эсе көп энергия керектеле тургандыгы айтылды. Ошол себептен, энергетика тармагына дагы 400 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция керектелмекчи.

Форумдун алкагында, инвесторлорго түзүлгөн шарттар боюнча ар түрдүү презентациялар көргөзүлдү. Ошондой эле аймактагы энергетика тармагында реформаларды жасоо боюнча сунуш пикирлер айтылды. Өткөрүлгөн иш-чаранын соңунда, “CAREC” уюмуна мүчө өлкөлөрдүн энергетика минстирлеринин катышуусунда, биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тарыхый маанилүү документте, 2030-жылга чейинки энергетика тармагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусунун өнүгүү стратегиясы көргөзүлгөн.

http://www.uza.uz/ru/society/tsentralnoaziatskoe-ekonomicheskoe-sotrudnichestvo-dialog-v--20-09-2019