23.09.19

Өзбекстандын “Улуттук электр тармактары” ишканасы 20-сентябрь күнү Афганистан мамлекетинин “Da Afghanistan Breshna Sherkat” аттуу энергетикалык ишканасы менен 10 жылга электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол койду.

Өзбекстан 2002-жылдан бери Афганистанга тынымсыз электр энергиясын сатып келет. Сатуу иштери  башталганда,  анын көлөмү 62 миллион кВт/саат электр энергиясы  болуп келсе, улам көбөйүп отуруп 2019-жылы 2,6 миллиард  кВт/саат электр энергиясына чейин жеткен.

Өзбекстандын Энергетика министринин орун басары Шерзод Ходжаевдин  айтымында, жаңы келишим боюнча, энергияны сатуу иштери башталганда алгач 4,2 миллиард кВт/саат өлчөмүндө болмокчу. Кийинчерээк экспорттун көлүмүн 6 миллиард кВт/саатка  чейин көбөйтүү пландалууда деп билдирди.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын декабрь айында Афганистандын президенти Ашраф Гани Өзбекстанга жасаган расмий иш сапары  учурунда, эки өлкө ортосунда «Сурхан - Пули-Хумри» электр подстанциясын куруу боюнча келишимге кол коюлган болучу. Кийинки жылдын апрель айында, Өзбекстан өзүнүн аймагында подстанциянын курулуш иштерин баштаган. Узундугу 260 километрди түзгөн бул подстанция Өзбекстандан Афганистанга электр энергияны жеткирүүнү 70% пайызга чейин жогорулатып, жылына 6 миллиард кВт/саат электр энергияны жеткирүүгө жөндөмдүү болот. Аны бүткөрүү иштери 2020-жылга пландалган.  

 

http://infoshos.ru/ru/?idn=22623