27.09.10

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, Алматы облусуна жасаган жумушчу иш сапарынын учурунда, нефти өндүрүүчү "Лукойл" компаниясынын президенти Вагит Алекперов менен биргеликте, техникалык тетиктерди майлоочу майларды өндүрүү үчүн курулган жаңы заводун ачылыш аземине катышты.

Заводун курулушун жоопкерчилиги чектелген  "Лукойл Лубрикантс Центральная Азия" компаниясы ишке ашырган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жазып чыкты.  

Ачылыш аземинде, өкмөт башчысы Аскар Мамин: “Казакстандын нефти тармагына  ушул мезгилге чейин $9,5 миллиард доллар инвестиция салган,  "Лукойл" компаниясынын мындай завод ачып жатышы маанилүү окуя болуп эсептелет. Себеби, көпчүлүк учурда чийки нефтини сатып келген болсок, эми аны кайра иштетип көп түрдүү продукцияга айлантып, экспорттко чыгарууга  мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү” – деп белгилеп өттү.

Заводун кубаттуулугу жылына 100 миң тонна чийки нефтини кайра иштетип, андан 800 түрдүү майлоочу каражатка айландырууга  жөндөмдүү. Завод иштеп чыккан майлоочу каражаттар, Казакстандын  ички рыногун, Борбор Азия жана Кытай, Афганистан, Монголия өлкөлөрүн майлоочу майлар менен камсыз кылмакчы. Заводун “Батыш Европа – Батыш Кытай” автожолуна жакын жайгашуусу өндүрүлгөн продукцияны аталган өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралбайт.  Жалпы заводун курулушуна $94 миллион доллар коротулган.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/askar-mamin-prinyal-uchastie-v-otkritii-zavoda-po-proizvodstvu-masel-v-almatinskoi-oblasti