02.10.19

Шавкат Мирзиёевдин 2016-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан бери, өлкө көп жылдык экономикалык изоляциядан чыгууга үлгүрдү.

Анын башкарган администрациясы салык системасын реформалоо, акчаны эркин жүгүртүү,  соода жүгүртүүдөгү мамлекеттик чектөөлөрдү алып салуу сыяктуу бир катар иш чараларды жүргүздү. Ошол эле убакта, кошуна өлкөлөр менен болгон мамилелерин активдүү түрдө жакшы жолго салууга жетишти.

Өзбекстан, Борбордук Азияда жайгашкан баардык өлкөлөр менен чектеш чек арасы болгон жалгыз мамлекет болуп саналат. Мындан тышкары, аймактагы  өнүккөн өндүрүштүк базасы бар өлкө болгондуктан, кошуна мамлекеттерге көп ыңгайлуу сунуштарды жасай алат. Өзбекстандын өндүрүш тармагы өнүгө турган болсо, коңшулаш Кыргызстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн жумушчулардын келип иштөөсү үчүн шарт түзүп, интеграциялык процесстердин күчтөнүүсүнө алып келмекчи.  

Акыркы убакта алынган статистикалык маалыматтар боюнча, өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүндө чоң өзгөрүүлөр болгондугунан кабар берет. Мисалы, 2017-жылдан 2018-жылга чейин Казакстандан импорт түрүндө алынып келинген товардын суммасы 569 миллион долларга (өсүш 53% пайыз) жеткен. Ушул эле жылдар аралыгында, Кыргызстан менен соода алмашуу 242 миллион доллардан 462 миллион долларга өскөн. Түркмөнстан менен 159 миилион доллардан 274 миллион доларга жеткен. Өзгөчө башка коңшу өлкөлөрдөн Тажикстан менен соода жүгүртүү кескин өскөндүгү менен айрымаланып турат. 2017-жылы 124 миилион доллар болсо, 2018-жылы 287 миллион доллар (өсүш 131% пайыз)  жеткен.    

Мындай көрүнүш азыр дагы уланып жатат. Акыркы Эл аралык валюта фондунун (МВФ) берген маалыматы боюнча, 2019-жылдын акыркы 5 айында Өзбекстандын башка Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 1,7 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда  27,6% пайызга көптүк кылат.

https://ca-news.org/news:1569639