10.09.19

Өзбекстандын Ташкент шаарында, “Global Textile Days” аттуу иш чаранын алкагында, экинчи эл аралык текстил тармагынын конференциясы болуп өттү.

Бул иш чарага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 100 ашык адистер катышты. Конференцияда, сөз алып сүйлөгөн Өзбекстандын  премьер-министринин орун басары Эляр Ганиев айтымында, үстүбүздөгү жылы текстил товарларынын көлөмүн 2 мииллиард долларга жеткизүүнү пландап жатабыз деди. Өкмөт башчысынын орун басары, мурда пахтаны иштетпестен чийки түрүндө сатып келген болсо, эми текстил тармагын өнүктүрүп, андан дагы көп киреше табууну көздөп жатышкандыгын белгиледи.  Мындан тышкары, өлкөдө өзгөчө текстил тармагына көп салымдар болуп анын натыйжасында, өндүрүлгөн кездемелер ички рынокто гана эмес сыртка алып чыгып сатууга жетишкендигин айтып өттү. Акыркы, үч жылда тармакты өнүктүрүү үчүн жасалган салымдардын жыйынтыгында, 2016-жылы өлкөдө 400 миң тонна пахта иштетилген болсо, 2018-жылы анын көлөмү 800 миң тоннага жеткен. Ошондой эле ал: “Бул жылы кездеме сатууну 2 мииллиард долларга ал эми тармакка салынуучу инвестициянын көлөмүн 500 миллион долларга чыгарууну көздөп жатабыз”- деди.

Өзбекстандагы Түркиянын элчиси Мехмет Сүрея мырза, азыркы учурда өлкөдө миңге жакын түрк фирмалары иштеп жатышкандыгын, алардын тең жарымы так ушул тармакта иштеп, 40 миң жакын өзбек жарандарын иш менен камсыз кылып жаткандыгын билдирди. Элчи мырза буга кошумча, бул тармакта эки өлкөнүн чогуу кызматташуусун өнүктүрүп Европа биримидигинин базарына кездемелерин сатыка чыгара тургандыгына ишене тургандыгын айтып өттү.

https://www.haberler.com/uluslararasi-tekstil-konferansi-ozbekistan-da-12409077-haberi/