23.09.19 

Түркиянын Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез өткөн айда, Өбекстандын аймагында алтын кендерин табуу үчүн абадан сүрөткө тартуу иштери аткарылгандыгын айтып келип: “ Биз учакты колдонуу менен абадан 576 квадрат километр аймакты сүрөткө тартып, карталарын түзүп чыктык.

  Буйруса жакынкы аралыкта, чалгындоо казуу иштерин баштамакчыбыз” – деп белгилей кетти.  

Министр Фатих Дөнмез мырза, Өзбекстандын Энергетика министри Алишер Султанов жана Геология жана минералдык ресурстар комитетинин төрөгасы Бабур Исманов менен пайдалуу көрүшмөлөр болгондугун билдирди.

Түркиянын Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез мырзанын айтымында, Орто Азия табигый ресурстарга бай аймак, бирок кээ бир  инфраструктуралардын жетишсиздигинен улам бул байлыктар толук пайдаланылбай жаткандыгын, Түркия бул багытта жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.  Өткөн жылы, Өзбекстандын Энергетика министирлиги жана Геология жана минералдык ресурстар комитети менен Түркиянын Минералдык ресурстарды изилдөө жана чалгындоо башкы башкармалыгынын ортосунда (MTA) келишимге кол коюлган болучу.  Мына ошол келишимге ылайык жогорудагы чалгындоо иштери башталгандыгын Фатих Дөнмез мырза белгилеп өттү.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/mta-ozbekistanda-altin-aramalarina-hiz-verecek/1591412