07.09.19

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) Өзбекстандын борбору Ташкентте биринчи Түрк бизнес жана инвестициялык форумун өткөрдү.

Азербайжан, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Венгриядан 600дөн ашык бизнесмен жана Өзбекстандын өкмөтүнөн өкүлдөр катышышты.

  Форумду ачылыш аземинде, Түркиянын Соода өнөр-жай палатасынын президенти Рифат Хисарджиклыоглу 2019-жылдын 15-октябрында Баку шаарында Өзбекстан Түрк кеңешине расмий түрдө мүчө болуп киргендигин айтып келип: “Биз алты айры өз алдынча мамлекеттүүлүкө  ээ болгон жалгыз улуттарданбыз. Биздин 1,1 триллион долларга бааланган экономикабыз, 560 миллиард долларга жеткен тышкы соодабыз 160 миллион калкыбыз бар. Эгер бириксек глобалдык күчкө айланабыз. Жогорудагы алты өлкөнүн соода жүгүртүүсү 9 миллиард долларды түзөт, менимче бул аздык кылат. Түркия Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрүнө  болжол менен 15 миллиард доллар  инвестиция жасаган. Ал эми  бул өлкөлөрдүн Түркияга салган инвестициялары  8 миллиард долларды түзөт, менимче бул цифралар дагы да  көбөйтүлүүсү керек"- деп билдирди.

 Форумда  Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев өз сөзүндө  Өзбекстандын Түрк кеңешине кирүүсү маанилүү экендигин баса белгилеп келип: “Бул чечим  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевтин тарыхый чечими болуп саналат. Өзбекстан жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн  Түрк кеңешинин желегинин астында дагы кеңейип өнүгөт"-деп белгилеп өттү.

Форумдун алкагында, Түркиянын Соода өнөр-жай палатасынын биргелешкен отуруму болуп өттү.  Отурумга Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Венгрия жана Өзбекстандын Соода өнөр-жай палаталарынын башчылары катышты. Түрк бизнес жана инвестициялык форумдан кийин алты мамлекеттин ишкерлеринин ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп өттү.

http://www.hurriyet.com.tr/ekonomi/turk-is-ve-yatirim-forumu-taskentte-yapildi-41344598