14.10.19

Америкада катталган “Epsilon Development Company” жана Кытайдын “China Petroleum Technology & Development Corporation”  компаниялары биргелешип жаңы долбоорду ишке ашырууну көздөп жатышат.

Долбоордун негизги максаты, Өзбекстандын Навои облусунда жайгашкан күйүүчү сланецти кайра иштетүү болуп саналат.

11-октябрь күнү, Ташкент шаарында “Epsilon Development Company”  жана “China Petroleum Technology & Development Corporation”  компанияларынын өкүлдөрү жана Өзбекстандын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик комитетинин башчысы Бекзод Исмаиловдун ортосунда жолугушуу болуп өттү. Көрүшмө учурунда, “Сангрунтау” кенинде күйүүчү сланецти кайра иштетүүчү комплексин куруу боюнча сүйлөшүүлөр  болду.

Жолугушуунун катышуучулары, сланецти кайра иштетүүнүн жол картасынын добоорун иштеп чыгууну  жана аны ишке ашыруу үчүн, үч  тараптуу жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты. “Epsilon” компаниясынын берген маалыматы боюнча, күйүүчү сланецти кайра иштетүүдөн, Өзбекстан жыл сайын 1 миллион тонна нефти продуктуларын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Эске сала кетсек, “Epsilon Development Company” компаниясы ушул жылдын март айында эле “Epsilon Asia Limited” компаниясы менен биргеликте, Бухара Хива жана Фергана облустарында жайгашкан нефти жана газдын кендерин иштетүүнү чечишкен болучу. Долбоор 2019-2023-жылдар аралыгында ишке ашырылмакчы жана ал үчүн $5,2 миллиард доллар коротулмакчы. Ал эми, күйүүчү сланец аквагендик органикалык зат жана курамы нефтиге жакын болуп эсептелет. Өзбекстанда, 47 миллиард тонна запасы бар деп бааланууда.

https://ca-news.org/news:1571372