29.10.19

Өзбек телеграф агенттигинин  (ӨзТАГ) билдиришинче,Түркиялык авиакомпания  Стамбул, Самарканд  жана Бухара шаарларынын ортосунда чартердик авиа каттамды ишке киргизүүү мерчемдеп жатат.

Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө: “Түркиялык авиа компания бул жаңы каттамды ачуу планын 8 айда иштеп чыккан. Жыйынтыгында, Түркиялык “Atlasglobal Airlines” аттуу авиакомпанияга Өзбекстанда иштөөгө уруксат берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Авиакомпания журналисттер, блоггерлер жана туристтик компаниялардын кызматкерлери, диний ишмерлер жана окумуштуулардын катышуусу менен таанышуу,  маалымат алуу максатында жаңы маршурт аркылуу алгачкы авиакаттамды аткарууну пландап жатат. 31 октябрь тарта “Atlasglobal Airlines” компаниясы биринчи жолу Стамбул - Бухара, Стамбул - Самарканд чартердик каттамын ишке ашырмакчы.

https://uztag.info/ru/news/turetskaya-aviakompaniya-zapuskaet-charternye-reysy-iz-stambula-v-bukharu-i-samarkand#group