04.11.19

Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Кэцяндын мырза үстүбүздөгү жылдын, 1-2-ноябрь күндөрү болуп өткөн расмий иш сапарынын жүрүшүндө,  Өзбекстандан Кытайга анар  экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюп кеткен болучу.

 Ли Кэцяндын мырза, иш сапарынын учурунда мындан тышкары, Өзбекстандан өндүрүлгөн жемиштерди, Кытайга кара жол менен ташып жеткирүү  жөнүндө  макулдашууга дагы кол койгон.

Жогоруда жетишилген макулдашууга ылайык, эми Өзбекстандын ишкерлери, Кытайга автомобиль транспортун колдонуу менен өндүргөн жемиштерин жеткирип сата  алышат. Бирок, ал үчүн Казакстандын Харгос жана Алашанькоу өткөрүү пункттары жана Кыргызстандын “Иркештам” жана “Торугарт”  чек ара пункттарынан өтүү каралган.

Азыркы учурда, Кытайга алча, коон, ачуу калемпир, анар, тазаланган жаңгак, таттуу жана ачуу бадам, жүзүм, кунжут, мейиз жана кургатылган өрүктү экспорттоого уруксат  берилген. Ошондой эле жүзүм, лимон,  алма, анжыр, кара өрүк, шабдалы, дарбыз, пияз, буурчак  жана кургак калемпирди  экспорттоо үчүн да сүйлөшүүлөр жүрүп  жатат.

 

http://kant.kg/2019-11-04/uzbekistan-nachnyot-postavki-granata-v-kitaj/