05.11.19

Өзбекстан жана Кытай аймактык түз авиакаттамдардын санын жумасына он бешке чейин көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 5-ноябрь күнү Podrobno.uz  сайты  жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, Пекин шаарында эки өлкөнүн авиация өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү. Тараптар кытайдын Сиань, Санья, Иу жана Чэнду шаарларынан Өзбекстанга түз жаңы авиакаттамдарды ачууга камылгаларды көрүү жана техникалык маселелерди иштеп чыгууну баштоо жөнүндө макулдашты.

Азыркы учурда, Өзбекстанга түз учуулар Пекин, Урумчи, Шанхай, Гуанчжоу жана Тяньцзинь шаарларынан аткарылып жатат. Мындан тышкары, сентябрь айынын аягында, кытайдын “Zhejang Loong Airlines Co. Ltd” авиакомпаниясы Ташкент жана Сиань шаарларынын ортосунда түз аба каттамын киргизди.

Белгилей кетсек, азыркы учурда “Uzbekistan Airways” компаниясынын аба паркында,  дүйнөнүн алдынкы авиа өндүрүшүнөн чыккан Airbus A320, Airbus A320neo, Boeing 757, Boeing 767 жана  Boeing 787-8  үлгүсүндөгү учактары бар.

Буга чейин Өзбекстандын транспорт министри Ильхом Махкамов маалымдагандай, авиакомпаниянын жергиликтүү авиа каттамдарда иштей турган учактардын паркы, 70-90 адамга эсептелген аз сыйымдуулуктагы учактар менен толукталат. Аткаминердин айтымында, 2025-жылга чейин “Uzbekistan Airways” аба паркы 38 учакка чейин көбөйтүлмөкчү.

https://sng.today/tashkent/11655-uzbekistan-i-kitaj-uvelichat-chislo-prjamyh-aviarejsov.html