19.11.19

Titan Travel уюмунун берген маалыматына ылайык, 2020-жылы туристер үчүн эң ыңгайлуу деп  Америка, Канада, Италия, Индия, Түштүк Африка, Австрия, Ветнам, Япония, Кытай, Австралия, Өзбекстан, Египет, Испания, Коста-Рика, Борнео, Греция, Словения, Куба, Перу жана Исландия өлкөлөрүн эсептеген.

Titan Travel уюмунун рейтинг көрсөткүчүнө ылайык, Өзбекстан Египет, Испания жана Коста-Рика өлкөлөрү менен бирдей орунду ээлеген. Ошондой эле саякаттоонун экзотикалык түрү боюнча, 2020-жылы эң ыңгайлуу мамлекеттердин катарына кирген.

Аталган уюмдун башкаруучу мүдүрү Энди Сквирелл: “Рейтинг түзүү учурунда, биз айрым өлкөлөрдүн туризм тармагындагы потенциалына өзгөчө көнүл бурдук. Мисалы, Өзбекстан алдынкы 20 өлкөнүн катарына кирди. Коста-Рика өлкөсү болсо, 14-орунга чейин көтөрүлдү, Борнео мамлекети алгачкы ирет алдынкы 20 өлкөнүн ичинен орун алды” – деп билдирди.  

Энди Сквирелдин айтымында, алардын уюму бүгүнкү күндө, дүйнөнүн 70 өлкөсүндө жана 7 континентинде  үч жүздөн ашык багыт боюнча туризм тармагында  кызмат көргөзөт.

http://infoshos.ru/ru/?idn=23134