19.11.19

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин билдирүүсүнө ылайык, Өзбекстандын тышкы соодасы 189 өлкө менен болуп, ушул жылдын  он айында анын көлөмү, 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 34,4 пайызга өскөн (8,8 миллиард доллар) жана 34,7 миллиард долларды түзгөн.

Билдирүүгө  караганда  январь, октябрь айлар аралыгында өлкөнүн экспорту 43,3 пайызга өсүп 14,8 миллиард долларга болсо, импорт  28,5 пайызга өсүп 19,9 миллиард долларга жеткен.

Өзбекстан менен бул мезгилде баарынан көп соода кылган өлкөлөрдүн арасында Кытай 19,1 пайыз үлүшү менен биринчи орунду ээлейт, ал эми Россия 15,1 пайыз, Казакстан 8,4 пайыз, Түштүк Корея 6,5 пайыз жана Түркия 5,9 пайызды түзөт.

Өзбекстан он айдын ичинде, энергетика жана мунай зат продукцияларын, текстиль жана тамак-аш, алтын, түстүү жана кара металл, кызмат көрсөтүү, автомобиль жана алардын запастык бөлүктөрү, химиялык продукцияларды экспорттогон.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын тышкы соодасы 2018-жылы  мурунку 2017-жылга салыштырмалуу  27,3 пайызга өсүп 33 миллиард 815,3 миллион доллар түзгөн, анын 14 миллиард 257,9 миллион долларын  экспорт түзсө, калган 19 миллиард 557,4 миллион долларын  импорт түзгөн.

http://kabar.kg/tur/news/ozbekistan-n-d-ticaret-hacmi-artt/