26.11.19

Россиялык “КамАЗ” жана Өзбекстандык “UzAuto Trailer” компаниялары Самарканд шаарында, “КамАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааларды кураштырган заводдун жаңы линиясын ишке киргизди.  Анын ачылыш аземине, Татарстан Автономиялуу Республикасынын президенти Рустам Минниханов катышты.

Россиялык автомобиль корпорациясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жаңы линиянын  жалпы аянты 7,4 миң чарчы метрди түзгөн, жаңы өндүрүштүк имаратта жайгашкан. Жаңы имарат, заманбап технологиялык жана көмөкчү жабдуулар менен жабдылып,  жылына үч миңден ашык жүк ташуучу “КамАЗ” маркасындагы  унааларды чыгарууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жаңы линияда унааларга газ баллондук жабдууларды орнотуу жана монтаждоо үчүн атайын бөлүм  курулган.

Жаңы линиянын курулуш иштерине, Россия тарап 2,5 миллион доллар өлчөмүндө инвестициялык салым жасаган.

Эскерте кетсек, “UzAuto Trailer” ишканасы 2012-жылы “Узавтосаноат” компаниясы тарабынан уюштурулган. Бул компания, Россиянын Татарстан Автономиялык Республикасында жайгашкан "КамАЗ" компаниясы менен кызматташуусу 2017-жылдын декабрь айында түзүлгөн болучу. Өткөн жылдын март айында, эки компания Өзбекстанда биргелешип “КамАЗ” маркасындагы жүк ташуучу машиналарын өндүрүп баштаган.  Бүгүнкү күндө, завод 10 тоннадан  36 тоннага чейин жүк көтөрүүгө жөндөмдүүлүгү бар, унаалардын  түрлөрүн  чыгарат.

https://uz.sputniknews.ru/economy/20191126/12876385/KamAZ-zapustil-novuyu-liniyu-sborki-v-Uzbekistane.html?utm_source=yxnews&utm_medium=desktop&utm_referrer=https%3A%2F%2Fyandex.ru%2Fnews