29.11.19

 

Ташкент шаарында 29-ноябрь күнү, Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын экинчи ирет консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын туңгуч президенти Елбасы Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты. Бул тууралуу Cis.minsk.by кабар агенттиги билдирди.

Мирзиёев: “Туризм, транспорт жана энергетика тармактарын өнүктүрүш керек”.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: “Биринчиден ар жыл сайын, Ташкент шаарында, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн инвестициялык форумун уюштурууну жана соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүп туруу зарыл. Кийинки маанилүү багыт,  бул транспорттук өз ара байланыштарды чыңдоо жана аймактын транзиттик потенциалын жогорулатуу болуп саналат. Анын белгилөөсүндө, Борбордук Азиянын транспорттук системасын өнүктүрүү замандын эң маанилүү талабы болууда” – деп билдирди.

Шавкат Мирзиёевдин айтымында, Өзбекстан заманбап энергетикалык инфраструктураны куруу боюнча, биргелешкен долбоорлорду  ишке ашырууга даяр экендигин билдирди. Өзгөчө энергетика тармагында, жаратылыштан (күндөн, шамалдан) алынуучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүү зарылдыгын айтып өттү.

Мындан тышкары, Борбордук Азияга тиешелүү болгон  туристтик бренддин керектигин баса белгиледи. Ошол максатта “Борбордук Азияда саякаттоо” аттуу эл аралык туристтик конференция  өткөрүп турууну сунуштады.

Жээнбеков: “Нарын жана Сыр Дарыяларынын суу энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча түзүлгөн макулдашууну жаңылоону сунуштайм”.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооранбай Жээнбеков: “Дүйнөдөгү климаттык өзгөрүү жыл өткөн сайын маанилүү болуп бара жатат. Азыркы учурда, окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн эрип жаткандыгын айтышууда. Биздин тоолордун суу ресурстары, жалпы Борбордук Азиянын суу ресурстарынын 45% пайызы түзөт. Бирок биз акыркы убакта, Кыргысзтандын дарыяларында суунун көлөмү азаюуда. Анын натыйжасында, Борбордук Азиянын экологиясына тескери таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле ири гидро электро станцияларда суунун азайгандыгына байланыштуу алардын кубаты төмөндөөдө. Кыскача айтканда, аз убакытта мөңгүлөрдүн эрип жок болуп чатышы, Борбордук Азия өлкөлөрүнө социалдык, экономикалык жана экологиялык зыяндарды алып келүүдө. Ошол себептен, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен 1998-жылы түзүлгөн Нарын жана Сырдарыясынын суу энергетика ресурстарын пайдалануу боюнча келишимди кайра карап чыгууга чакырабыз” – деп сөзүн жыйынтыктады.

Бердымухаммедов: “5 тараптуу ишкердик кеңешин түзүүнү сунуштайм .

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов: “Мындай кеңеш аймактагы өлкөлөрдүн келечектеги приоритеттик кызматташтыгын жана экономикалык байланыштарынын келечегин аныктаганга чоң жардамын  тийгизет. Түркмөнстан бул кеңешти түзүүгө, сунуштарды иштеп чыгууга, чет өлкөлөр менен инвестициялык кызматташуунун пландарын түзүүгө даяр” – деп билдирди.

Назарбаев: “Казакстандын университеттеринде билим алганга Борбордук Азиянын ар бир өлкөсүнөн 10дон студентке гранттык орун бөлүүнү сунуштайм”.

Казакстан Республикасынын биринчи президенти Елбасы Нурсултан Назарбаев, бардык Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчыларына демографиялык өсүшкө байланышкан проблемага көңүл бурууларын өтүндү. Ошондой эле, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде товар жүгүртүүгө байланышкан тоскоолдуктарды алып салууга жетишүү керек экендигин баса белгилеп өттү. Сөзүнүн аягында, Казакстандын университеттеринде билим алганга Борбордук Азиянын ар бир өлкөсүнөн 10дон студентке гранттык орун бөлүүгө байланыштуу сунуштарын айтып өттү.

Рахмон, Эл аралык “Арал деңизин сактоо” фондунун төрагасы катары шайланды

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, жыйындын жүрүшүндө Эл аралык “Арал деңизин сактоо” фондунун төрагасы болуп 3 жылга шайланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттери биргелешкен билдирүүлөрүнүн протоколуна колдор коюлуп, кийин көрүшмөнүн жумушчу планы кабыл алынды.

http://cis.minsk.by/news.php?id=12592