03.12.19

Өзбекстандын Хива шаары, 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот. Мындай чечим Ош шаарында өткөн, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу, Podrobno.uz. маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Жыйынга Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Генералдык деректири Дюсен Касеинов, Түркиянын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Надир Альпарслан,  Түркиянын Билим берүү жана туризм министри Назым Чавушоглу,

Азербайжан  Маданият, министринин орун басары Рафиг Байрамов, Казакстандын Маданият, министринин орун басары Нуркиса Дауешов  жана Түркмөнстандын Маданият, министринин орун басары Гурбанмурад Мырадалиев  катышты.  Өзбекстандын Маданият, министринин орун басары Камола Акилованын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Хива дээрлик тарыхый баалуулуктарын сактап калган шаар болуп эсептелет. Азыркы учурда, Хива шаары Өзбекстандын бермети болуп саналат.

2020-жылы Хива шаарын, Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору кылуу демилгесин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2018-жылы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитинде көтөргөн болучу.

Эскерте кетсек, Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп келсе, ага чейин бул макамды Түркстан шаары (Казакстан)  Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казан (Татарстан, Орусия) шаарлары алып жүргөн.

https://www.podrobno.uz/cat/podrobno/khiva-stala-kulturnoy-stolitsey-tyurkskogo-mira-na-2020-god/