02.12.19

Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында япониялык “H. I. S. Holdings” туристтик  компаниясы 2020-жылы япон архитектуралык стилинде мейманканаларды курууну пландаштырууда. Мындан тышкары, компания туристтердин агымынын өсүшүн камсыз кылуу максатында, Өзбекстанда өкүлчүлүгүн ачууну каалайт. Бул тууралуу,  Centralasia.news агенттигинин кабарчысына,  Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматынан  билдиришкен.

Күн чыгыш өлкөсүнө болгон иш сапардын алкагында, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин жетекчиси Сардор Умарзаков жетектеген өзбек делегациясы япон ишкерлери менен  жолугуп келишкен.

Көрүшмө учурунда, “H.I.S. Holding”  компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хидео Савада мырза, Өзбекстан менен мейманкана, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташууга кызыкдар экендигин билдирген. Ал жакын арада,  Ташкент жана Самарканд шаарларында япон архитектурасы менен заманбап мейманканаларды курууну пландап жаткандыгын билдирген болучу.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн, 2020-жылдын биринчи чейрегинде япониялык архитекторлор Өзбекстандын баш калаасында мейманкананын курулуш иштерин  баштамакчы. Самарканд шаарында  дагы, ушундай эле мейманканаларды куруу иштери жүргүзүлөт.

Хидео Савада мырза, мындай кадамдар  Өзбекстан республикасында туризмди өнүктүрүүгө, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген саякатчыларды тартууга жана туристтик маршруттарды түзүүгө себепкер боло тургандыгын билдирген.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/47957?utm_source=yxnews&utm_medium=desktop&utm_referrer=https%3A%2F%2Fyandex.uz%2Fnews