09.12.19

Өзбек телеграф агенттигинин (УзТАГ) маалыматына ылайык, 2019-жылы Өзбекстанга  $20,7 миллиард өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар жана тышкы соода министринин орун басары Бадриддин Абидов: “Өзбекстанда чет элдик инвесторлор тарабынан долбоорлорду каржылоого байланышкан көйгөйлөр дээрлик жок. Быйылкы жылдын  9-декабрь күнүнө  чейин, чет элдик инвесторлор Өзбекстандын аймагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго $20,7 миллиард доллар өлчөмүндө каражат жумшашты. 2018-жылы бул көрсөткүч 15 миллиард долларга барабар болгон”, - деп белгиледи.  

Мындан тышкары, Бадриддин Абидов: “Өткөн жылы мамлекеттин кепилдиги менен ар кандай долбоорлорду каржылоого бюджеттин эсебинен болжол менен $2 миллиард доллар бөлүнгөн болсо, 2019- жылы бул көрсөткүч  дээрлик  $3 миллиард  долларга жетти", - деп билдирди.

Мындан тышкары, министрдин орун басары, 2019-жылдын аягына чейин, 22. 000 жаңы жумуш орундары түзүлүп калаарын белгиледи.

https://uztag.info/ru/news/v-2019-godu-uzbekistan-privlek-20-7-mlrd-investitsiy