21.12.19

Өзбекстандын "Өзбек темир жолдору" компаниясы 2020-жылдын жаз мезгилинен  тарта, Азербайжан жана Грузия өлкөлөрү ортосунда транзиттик товар ташуучу поездик каттамды ишке киргизүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги  жазып чыкты.

Ташкент шаарында Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн темир жол тармагынын жетекчилеринин ортосунда, эл аралык мультимодалдык товар ташуучу транзиттик маршруттарды өнүктүрүү боюнча жолугушуусу болуп өткөн болучу.

Мультимодалдык маршрут боюнча пилоттук транзиттик поездердин каттамын ишке киргизүү 2020-жылдын биринчи кварталына пландаштырылган.

Жыйындын катышуучулары, бирдиктүү транзиттик жол менен ташылуучу товарлардын тарифтик баалары жана маршрут боюнча жүктөрдү ташуунун шарттарын аныкташты. Мындан тышкары, логистикалык инфраструктуранын абалын талкуулашты. Тараптар, жыйындын соңунда, координациялык комитетти түзүү тууралуу макулдашышты. Координациялык комитеттин курамына, ошол өлкөлөрдүн темир жол жетекчилери да кирүүсү тууралуу чечим кабыл алынды. Комитетке төрагалык кылуу милдети, Өзбекстандын Транспорт министрлигине  жүктөлдү.

2017-жылдын декабрь айында, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2018-2022-жылдарга карата тышкы соода каттамдарды диверсификациялоо программасын бекиткен болучу. Программа Баку-Тбилиси-Карс (Түркия) темир жолу аркылуу транзиттик товар ташууларды ишке ашырууга багытталган.

Эскерте кетсек, Баку-Тбилиси-Карс (Түркия) темир жолу 2017-жылдын октябрь айында, Азербайжан, Грузия, Түркия мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде курулган эле. Жылына бул маршрут аркылуу 6,5 миллион тонна өлчөмүндө жүк ташуу жана 1 миллионго жакын  жүргүнчү ташуу пландалган.

https://mir24.tv/news/16390811/uzbekistan-zapustit-tranzitnye-poezda-v-azerbaidzhan-i-gruziyu