26.12.19

2019-жылдын  январь-ноябрь айлары аралыгында, Өзбекстан жана Россиянын  ортосундагы товар жүгүртүү  14,1% пайызга жогорулап 5,8 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкө 2019-2024-жылдар аралыгында 25 миллиард долларга бааланган долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдөөдө. Өзбекстандын Тышкы иштери министрлигинен билдиргендей, 25-декабрь күнү Москва шаарында, Россия жана Өзбекстандын  Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жолугушкан.

Жолугушуу учурунда, президент Шавкат Мирзиёевдин 2017-жылдын апрель айындагы, Россияга жасаган мамлекеттик сапары жана Россиянын президенти Владимир Путиндин, 2018-жылдын октябрь айында, Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышы каралды.

Ошондой эле, жолугушуу учурунда, 2019-2024-жылдарга каралган 25 миллиард долларлык соода-экономикалык жана инвестициялык эки тараптуу долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан.

https://uz.sputniknews.ru/economy/20191226/13106901/Uzbekistan-i-RF-realizuyut-v-2019-2024-gg-proekty-na-25-mlrd.html