08.01.20

Өзбекстандын Экономика жана өндүрүш минстрлигинин берген маалыматы боюнча, 2019-жылы өлкөнүн ички дүң продуктусу (ИДП) 5,5 % пайызга өсүп 58,3 миллиард долларга жеткен.

Өткөн жыл ичинде, өндүрүш тармагында 6,4 % пайыз, куруш тармагында 11,8 % пайыз, кызмат көрсөтүү тармагында 6,1 % пайыз өсүш байкалган. Ички дүң өндүрүмдү киши башына чачканда 1,741 доллардан туура келген.

Ал эми, 2018-жылы Өзбекстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 5,1 % пайызга өсүп 407,5 триллион сумга (42,5 миллиард доллар) жеткен болучу. Өндүрүш тармагында 10,6 % пайыз, куруш тармагында 9,9 % пайыз, кызмат көрсөтүү тармагында 5,4 % пайыз, айыл чарба жана балык чарбачылыгы 0,3% пайызга өскөн эле.

http://kabar.kg/tur/news/ozbekistan-ekonomisi-2019da-yuzde-5-5-buyudu/