20.01.20

Өзбекстандын өкмөтү жана Бириккен Араб Эмиратынын (БАЭ) “Masdar” аттуу инвестициялык компаниясынын ортосунда, энергетика секторуна тиешелүү бир нече долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келишимге кол коюлган.

Бул тууралуу, 18-январь күнү Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода минстирлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Келишимге ылайык “Masdar” инвестициялык компаниясы, Өзбекстандын Навои облусуна баасы $600 миллион долларга бааланган шамалдан энергия алуучу станция курмакчы. План боюнча, кубаттуулугу 400 МВт болгон электростанция 2022-жылы ишке берилмекчи.

Эскерте кетсек, 2019-жылы “Masdar” инвестициялык компаниясы Өзбекстандын өкмөтүнүн  энергетика тармагы боюнча өткөргөн ачык тендерди утуп алган болучу. Ошол эле мезгилде эки тараптын ортосунда, Өзбекстандын Навои облусуна кубаттуулугу 100 МВт болгон электростанция куруу боюнча келишимге кол коюлган эле.

 

http://centralasia.media/news:1591278?from=portal&place=last&b=10