21.01.20

Өзбекстан 2019-жылы чет өлкөлүк инвестициянын көлөмүн үч эсеге өстүргөн. Бул тууралуу, Өлкөнүн Инвестиция жана тышкы соода министирлигинен билдиришти.

Министирликтин билдиришинче, чет өлкөлүк инвестициянын жалпы көлөмү $13,3 миллиард доллар, анын ичинен түз инвестиция $9,3 миллиард доллар болсо, эл аралык финансылык институттардан келип түшкөн каражаттын көлөмү $4 миллиард долларга жеткен.

Негизги чет өлкөлүк инвесторлор Кытай, Россия жана Германия өлкөлөрү болушкан. Инвестиция жана тышкы соода министирлигинен билдиргендей, сырттан келген  инвестициялардын үлүшү электротехника (%7,5 пайыз), металлургия (%4,6 пайыз), текстиль (%2,5 пайыз), тери бут кийим (%2,1 пайыз)  нефти жана газ (%2 пайыз) тармактарына туура келген.

2020-жылы Өзбекстан Республикасы $7,1 миллиард доллар түз инвестиция тартууну пландап жатат.  

https://vlast.kz/novosti/36825-uzbekistan-vtroe-uvelicil-privlecenie-inostrannyh-investicij-v-2019-godu.html