17.02.20

Бүгүнкү күндө, Өзбекстанда чет өлкөлүк капитал менен курулуп иштеп жаткан ишканалардын саны артууда.

Алардын ичинен, Россия өлкөсү 1,864 ишканасы менен биринчи орунда, Кытайдын 1,690 ишканасы, Түркиянын 1,306 ишканасы, Япониянын 824 ишканасы жана Казакстан 827 ишкана курууга жетишкен. Ал эми, башка өлкөлөрдүн үлүшүнө 4,093 ишкана туура келет.
Өлкө боюнча бардыгы болуп 11,000 миңге жакын чет элдик капиталдын эсебинен курулган  ишканалар бар.

Жогорудагы ишканалардын алып барган ишинин түрлөрү боюнча төмөнкү категорияларга бөлүштүрүүгө болот:

- Өнөр жай тармагында 3,758 ишкана;

- Соода тармагында 2,645 ишкана;

- Башка түрлөрү 1,608 ишкана;

- Курулуш  тармагында 824 ишкана;

- Айыл чарба, токой жана балык чарбасында 591 ишкана;

- Тамактануу  жана кызмат көрсөтүүлөр тармагында 472 ишкана;

- Ташуу жана сактоо тармагында 284 ишкана;

- Маалымат жана байланыш тармагында 274 ишкана;

-Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтарды көрсөтүү тармагында 148 ишкана эмгектенет.

2020-жылы чет өлкөлүк инвестиция тартуу менен экономикалык ишмердиктин бардык чөйрөсүндө орточо эсеп менен 1,5-2% пайызга өсүш байкалган.

https://centralasia.media/news:1597232