17.02.20

Америкалык “General Motors” компаниясы менен Өзбекстандын “UzAuto Motors” компаниясы Өзбекстанда өндүрүлгөн автомобилдерди чет өлкөлөргө сатуу боюнча макулдашууга кол койгон. 

Макулдашууга ылайык, Өзбекстандын “UzAuto Motors” компаниясынын  унаалары, 2020-жылдын март айынан тартып Россия, Казакстан жана Беларуссияда Chevrolet брендинин астында Spark, Nexia жана Cobalt моделиндеги автомобилдер сатыла баштайт. Бул тууралуу, компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

“UzAuto Motors” компаниясынын  маалымат кызматы тараткан билдирүүдө: “Chevrolet брендинин “UzAuto Motors” компаниясынын чет өлкөлөрдө пайдалануу укугунун алышынын бирден бир себеби, дүйнөлүк автоиндустриянын  лидерлеринин бири болгон “General Motors” компаниясы тарабынан коюлган  стандарттарга туура келген, жогорку сапаттагы автомобилдерди өндүргөнү үчүн берилген”-деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Өзбекстандык “UzAuto Motors” компаниясы Россия, Казакстан жана Белорус өлкөлөрүндө “Chevrolet” брендинин атынан сатылган автомобилдерин атайы дистрибютордук башкаруулар тарабынан көзөмөлдөйт. Бирдиктүү бренд менен иштөө, Өзбекстандын автомобиль индустриясын өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк рыноктордо ийгиликтүү болуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы.

https://centralasia.media/news:1597310