20.02.20
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында,  19-февраль күнү Анкара шаарында     Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү. Бул көрүшмөнүн  жыйынтыктыгында, эки өлкөнүн лидерлери бир катар макулдашууларга кол коюшту.

Атап айтканда, өлкө башчылары эки өлкөнүн стратегиялык кызматташуу кеңешинин биринчи чогулушунун жыйынтыктары тууралуу биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошондой эле, Өзбекстан жана Түркия соода-экономикалык жана жаңы технологиялар жаатындагы кызматташуу боюнча айрым жоболорду мыйзам түрүндө бекитишти.

Шавкат Мирзиёевдин айтымында, Түркия жана Өзбекстан биргелешкен кеңешинин стратегиялык кызматташуу боюнча биринчи жыйыны жогорку деңгээлде болуп өткөн. Анын жыйынтыгында, эки элдин достук мамилесинде жаңы тарыхый барагы ачылып, саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий жаатта маанилүү маселелерди деталдуу талкуулап чыгуу күн тартибинине коюлган.

Шавкат Мирзиёев:"Биздин диалогдун негизги темаларынын бири, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу болуп калды. Алдыңкы Түркиялык компаниялар менен биргеликте, азыркы учурда миллиард доллардан ашык суммага бааланган жаңы долбоорлор даярдалууда", – деп белгилеп өттү.

Тактап айтканда, тараптар Өзбекстандын товарларын Европа өлкөлөрүнө Түркия аркылуу транзиттөө үчүн мультимодалдык хабдарды түзүү темасын козгоду. Ошондой эле, Өзбекстан өзүнүн аймактарында Түркиялык клиникалардын филиалдарын ачууга кызыкдар.

Мындан тышкары, интенсивдүү багбанчылык, балык өстүрүү, мал чарбасын асылдандыруу жаатында Түркиянын алдыңкы тажрыйбаларын тартууну көздөйт.

 Билим берүү жаатында, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жана илимий борборлорунун биргелешкен изилдөөлөргө катышуусу каралган. Эки тараптуу кызматташуунун дагы бир багыты чакан бизнести колдоо жана текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлор болду.

Келечекте эки өлкө, өз ара товар жүгүртүүнү жылына 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөөдө. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 2,5 миллиард долларды түзгөн.

Өзбекстан жана Түркия стратегиялык кызматташтык кеңешинин кийинки отуруму, Өзбекстанда өтүүсү күтүлүүдө. Шавкат Мирзиеев өзүнүн кесиптеши Реджеп Тайип Эрдоганды  Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Түркия жана Өзбекстандын жетекчилери эл аралык жана аймактагы маселелерди талкуулашты. Негизинен, өлкө башчылары глобалдык коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүү үчүн биргелешип аракеттенүү зарылдыгын белгилеп кетишти.

https://uz.sputniknews.ru/politics/20200220/13503320/Plany-na-milliard-chto-obsudili-i-podpisali-Mirziev-i-Erdogan.html