02.03.20

Өзбекстандын Фергана өрөөнүнөн Казакстанга каттаган жүргүнчүлөр үчүн кошумча ыңгайлуулуктарды түзүү максатында "Фергана-Алматы" маршруту боюнча үзгүлтүксүз автобустук каттамы ачылат. Бул тууралуу, Өзбекстандын транспорт министрлигинин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Бул каттам 4-марттан баштап ишке киргизилмекчи. Жолдун жалпы узундугу 1,202 километрди түзөт. Ал эми, жол жүрүүнүн убактысы 22 саат 20 минутаны түзөт. Автобустар күн сайын, саат он бирде Фергана автобекетинен сапарын башташат. Маалыматка ылайык, билеттерди Фергана автовокзалынан жана Алматы шаарындагы "Сайран" автовокзалынан сатып алууга болот. Бул каттам, “Uzautotrans Service” жана "Тулпар-Байконур" ишканалары тарабынан тейленет.

Эскерте кетсек, өлкөлөрдүн ортосундагы автобустук каттамдар токсонунчу жылдардын ортосунан бери жок болчу. Бирок, 2018-жылдын январь айынын башында, Өзбекстан менен Казакстан "Ташкент-Шымкент" багыты боюнча, ал эми апрель айында "Ташкент-Алматы" багыты боюнча түз эл аралык автобус каттамдарын кайрадан жандандырышкан болучу.

2019-жылдын март айында, Ташкент-Нурсултан-Ташкент үзгүлтүксүз автобустук каттамы ишке киргизилген. Өткөн жылдын апрель айында,  Түркстан менен Самарканд шаарларынын ортосунда автобустук каттам ачылган. Ал эми, 2019-жылдын 22-июль күнү "Автотрансервис" ишканасы, Ташкент шаарынан Казакстандын Кызылорда шаарына туруктуу автобустук каттам ачкан болучу.

 

https://centralasia.media/news:1600055