04.03.20

Өзбекстандын Жизак облусунда Германиялык "Фольксваген" компаниясы автоунааларды өндүрүүнү баштоонун алдында турат. Компания 2020-жылы “Volkswagen Caddy” аттуу маркадагы автоунаасы эки түрдүү модификацияда Өзбекстандын рыногуна саттыка чыгарылмакчы. Бул тууралуу, Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин, Өзбекстандын "Узавтосаноат" жана "Фольксваген Груп Рус" компанияларынын ортосунда, өлкө ичинде коммерциялык автоунааларды өндүрүү жана сатуу боюнча кызматташууга кол коюлган болучу. Унааларды өндүрүү "Жизак" эркин экономикалык аймагында жайгашкан, Жизак автомобиль заводунун базасында ишке ашырылмакчы.

Автомобилдерди жасоодо толугу менен “Volkswagen”  компаниясынын технологиялары колдонулат. Завод жылына 20,000 даана автоунаа өндүрүүгө пландаштырылган.

"Фольксваген Груп Рус" компаниясы автоунаалары жасоодо, жаңы заманбап өндүрүштүк технологиялар жана заводун кызматкерлерин кошумча окутууну камсыз кылмакчы.

Өндүрүштү башкаруу, продукциянын сапаты, автоунааларды кураштыруу учуруна колдонулуучу тетиктерин сатып алууда, саттыка чыгаруу сыяктуу иш чараларды аткарууда, “Volkswagen”  компаниясынын  стандарттары колдонулат.

2020-жылы саттыка чыгарыла турган авто унаалар эки түрдүү модификацияда болмокчу. Биринчиси 7 орундуу жүргүнчүлөрдү  ташууга ыңгайлашкан микро автобус үлгүсүндө болсо, экинчиси жүк ташууга даярдалган унаа болмокчу.

Бул автоунаалар, кубаттуулугу 110 аттын күчүнө барабар жана көлөмү 1,6 литр көлөмдөгү бензин кыймылдаткычы менен жабдылмакчы. Шаар ичинде бензиндин сарпталышы 100 километрге 9,3 литр бензин болсо, ачык трассада 6,1 литр күйүүчү май сарптамакчы.

 

 http://kabar.kg/news/fol-ksvagen-otkryvaet-proizvodstvo-avtomobilei-v-dzhizakskoi-oblasti/