06.03.20

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Россиялык "Лукойл" компаниясынын президенти Вагит Алекперовду кабыл алды. Бул тууралуу Өзбек телеграфтык агенттиги (ӨзТА) жазып чыкты.

Шавкат Мирзиёев:“Лукойл компаниясы дүйнөдөгү ири энергетикалык компаниялардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө, Өзбекстан менен компаниянын биргелешип ишке ашырып жатышкан долбоорлорго компаниянын капиталдык салымдарынын көлөмү болжол менен $10 миллиард долларды түзөт. Кубаттуулугу жылына 8 миллиард кубометрди түзгөн жаратылыш газын кайра иштетүүчү “Кандым” комплекси ийгиликтүү иштөөдө.

Гиссар жана Устюрт аймактарындагы газ кендерин өздөштүрүү иштери улантылууда. Мындан тышкары, "Лукойл" биздин өлкөдөгү социалдык программаларды жигердүү колдойт” – деп билдирди президент. Жолугушуунун жүрүшүндө, өз ара пайдалуу кызматташуунун мындан ары дагы кеңейтүү жана мунай газ тармагындагы санариптик технологияларга өтүү маселелери талкууга алынды.

https://uztag.info/ru/news/mirziyeev-provel-peregovory-s-glavoy-kompanii-lukoyl-vagitom-alekperovym