12.03.20

Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу атом энергетикасын өнүктүрүү агенттигинде, 11-март күнү кореялык “Hyundai Engineering & Construction Co.Ltd” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Корея тарап, Өзбекстан Республикасынын тынчтык максатта колдонулуучу атомдук энергияны өнүктүрүүгө байланышкан иш чаралардын көрүлүп жаткандыгына жакшы баа беришти. Мындан тышкары, атомдук энергетик тармагын жөнгө салуучу жаңы мыйзамдардын кабыл алынып жатышы маанилүү экендигин  баса белгилеп өтүштү.

Жолугушуу учурунда, Өзбекстан делегациясынын өткөн жылдын октябрь айында, Түштүк Корея өлкөсүнө жасаган иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар талкууга алынды. Мындан тышкары, Түштүк Кореялык компаниялар менен өнөктөштүк мамилелерди күчөтүүгө байланышкан маселелер дагы каралды.

Көрүшмө учурунда, “Hyundai Engineering & Construction Co.Ltd” компаниясы курууга катышып жаткан атомдук электростанцияларда (АЭС) Өзбекстандык куруучулардын стажировкадан өтүүсү, кадрларды даярдоодо кызматташуу маселеси каралды.

Эскерте кетсек, “Hyundai Engineering & Construction Co.Ltd” компаниясы энергетика жана өнөр жайдын бардык багыттарын камтыган инженердик жана курулуш иштери менен алектенген дүйнөнүн алдынкы курулуш компанияларынын бири болуп саналат. Атап айтканда, бул компания Түштүк Кореянын аймагында атомдук электро станциялардын 65% пайызын (15 даана реактор) жана чет өлкөлөрдө (Бриккен Араб Эмирлигинде 4 реактор)ь дагы  куруу иштерин аткарган.

http://kabar.kg/news/kompaniia-hyundai-engineering-proiavliaet-interes-k-atomnoi-energetike-uzbekistana/