21.03.2020
Өзбекстандын президенти өлкөдө коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүү үчүн 10 триллион сум ($1 миллиард 51 миллион доллар) өлчөмүндө каражат бөлүп берүү боюнча указга кол койду. Бул каражатты бөлүп берүүнүн негизги максаты, коронавирус (COVID-19) пандемиясынын өлкөнүн экономикасына тийгизген терс таасирин жумшартууга багытталган. Баардык бөлүнгөн каражаттар кризиске каршы түзүлгөн фонддун эсебине которулган.

Өзбекстандын президенти, 19-март күнү өткөргөн кеңешме учурунда:"Алдыда күтүлүп жаткан экономикалык жоготуулардын ордун толтуруу жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу өкмөттүн башкы милдети болууга тийиш", – деп белгилеп өттү. Шавкат Мирзиёев негизинен фонддун каражаттары биринчи кезекте коронавирустун таралышын алдын алуу, медициналык дары-дармектер менен камсыз кылуу, вирустан коргоочу жана диагноз коюу каражаттарды сатып алуу, карантин чыгымдарын өз убагында каржылоо, аймактардагы ооруканаларды экспресс-тесттер менен камсыз кылуу үчүн жумшалат деп билдирди. Коронавирус менен күрөшүүгө дээрлик 5,5 миң саламаттыкты сактоо кызматкерлери катышууда, алардын эмгек маянасына 120 пайыздык кошумча акы төлөнүп берилмекчи.
Олуттуу чыгымдар ишкерлерди жана калкты социалдык жактан колдоо үчүн талап кылынат. Эпидемияга байланыштуу бир нече тармактарда мурда алынган кредиттик каражаттар төлөнбөй калуу мүмкүнчүлүгу жогору болууда. Мисалы, мейманкана бизнесиде 90 млрд сум ($9,4 миллион), транспорттук-логистика тармагында 650 млрд сум ($68 млн), коомдук тамактануу тармагында180 млрд сум ($18,9 млн) жана ишканалардын тышкы соодасында 3,6 трлн сум ($378 млн доллар) өлчөмүндө болуусу ыктымал.
Жогоруда бөлүнүп жаткан каражаттын чыгымдарынын чоң бөлүгү, калкты социалдык жактан коргоого жумшалат. Карантинге жабылган мекемелердин кызматкерлери, карантинге алынган жарандар жана аларга камкордук көргөн адамдарга төлөнүп берилмекчи.
https://fergana.ru/news/116268/