28.03.20
Өзбекстандык “UzAuto Motors” компаниясы Казакстанда “Chevrolet” брендинин астында автоунаа өндүрүшүн баштады.
Өндүрүштүн биринчи баскычында, жылына 26 миң автоунаа өндүрүү пландалган. Өндүрүлүгөн автоунаалар Cobalt, Damas, Labo жана Malibu моделиндеги автоунаалар түзөт.

28-март күнү, Казакстандын Костанай шаарында, заводду ишке берүү ачылыш аземине телемосттун жардамы менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин катышкан.
Газета.uz маалымат агенттиги билдиргендей, “General Motors” жана “UzAuto Motors” компаниялары автоунаалардын жаңы моделдерин чыгаруу боюнча келишимге жетишкен болучу. Аларга: Cobalt (мурунку Ravon R4), Damas жана Labo коммерциялык унаалары жана премиум классындагы Malibu автоунаалары кирет.
Баардык автоунааларды өндүрүүнү Казакстандын «СарыаркаАвтоПром» заводунун базасында ишке ашыруу чечими кабыл алынган (2017-жылдын май айынан бери Nexia R3 маркасындагы унаалары өндүрүлүп келген) болучу. Өндүрүлө турган автоунаалар “General Motors” компаниясы тарабынан белгиленген эл аралык стандарттарга жооп берет.
Биринчи этапта, өндүрүштүн көлөмү жылына 26 миң автоунааны түзүп, андан кийин 100 миңге жеткирүү пландалууда. Өндүрүштүн биринчи жылында 13 миң автоунааны коңшу мамлекеттерге экспорттоо каралган.
http://kabar.kg/news/uzauto-motors-nachala-proizvodstvo-chevrolet-v-kazakhstane/