06.04.20
Өзбекстанда өпкөнү жасалма дем алдыруучу жана наркоз менен дем алдыруучу аппараттарын өндүрө баштайт. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарын өндүрүү иштери ушул жылдын май айында башталат.
Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы: “Ташкент шаарынын Бектемир районунун аймагында завод куруу пландаштырылууда. Аппараттарды өндүрүүнүн биринчи этабында $3 миллион доллар инвестиция тартуу жана 30 адамга жаңы жумушчу орундарын ачуу пландаштырылууда. Экинчи этабында $6 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу жана жумушчу орундарынын санын 100 чейин жогорулатуу пландалууда” - деп айтылат билдирүүдө.
Заманбап аппараттарын өндүрүү үчүн Словакия, Россия, Өзбекстан өлкөлөрү биргелешип түзгөн “CHIRANAASIA” ишканасы ишке ашырмакчы.
Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы: «Жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрүү иштери Борбордук Азияда биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Мындай иш чаралар, чет өлкөрдөн жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алууларды азайтууну тездетмекчи. Ошондой эле, өндүрүлгөн аппараттарды оңдоп түздөө үчүн запастык тетиктерин чыгарып туруу үчүн тейлөө борбору дагы түзүлгөн. Жаңы чыгарылган бул аппараттарды туура колдонууну үйрөтүү үчүн анестезиология жаатында эмгектенген жогорку квалификациялуу чет элдик адистер келип атайы семинарларды өткөрүшмөкчү», - деп айтылат билдирүүдө. Өндүрүлгөн продукцияны Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Афганистан өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда.
Эскерте кетсек, өпкөнү жасалма дем алдыруучу жана наркоз менен дем алдыруучу аппараттарды өндүрүү үчүн негизделген, Словакия, Россия, Өзбекстан өлкөлөрү биргелешип түзгөн “CHIRANAASIA” ишканасы 2017-жылы негизделген болучу. Мындан тышкары “CHIRANAASIA” ишканасы, өндүргөн продукциясын техникалык жактан тейлөө, ондоп түзөө жана сатып алган тараптын адистерине аппаратты колдонууга үйрөтүү иштерин аткарат.

https://uztag.info/ru/news/uzbekistan-nachnet-proizvodstvo-ivl