10.04.20

Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча  курулуп жаткан  жаңы клиникалар үчүн медициналык жабдууларды  тез арада сатып алууну каржылоого $17 миллион доллар бөлүп берет.

Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Өмүрзаков жана Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар Хаджардын ортосунда болуп өткөн  сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Мындан тышкары сүйлөшүү учурунда, Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) Өзбекстанга дагы финансылык жактан жардам берүүгө даяр экендиги белгилүү болду.

Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар Хаджар: «Биз, Өзбекстанга дагы кошумча колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) башка долбоорлордон үнөмдөлгөн $46 миллион доллар акча каражатын, Өзбекстанда коронавирусту жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн жаңы курулган клиникаларды медициналык жабдууларды сатып алуусу үчүн бөлүп берүүгө даяр» - деп билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, тараптар дагы кошумча ирээтинде, Өзбекстандын саламаттыкты сактоо тармагынын муктаждыктарына, чакан жана орто ишкердикти колдоого $140 миллион доллардан ашуун суммадагы каражат бөлүүнү караштырып көрүү боюнча жыйынтыкка келишти.

Эскерте кетсек, 2003-жылдын сентябрь айынан бери Өзбекстан Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) мүчөсү болуп саналат.

http://kabar.kg/news/ibr-napravil-17-mln-dollarov-na-oborudovanie-novykh-klinik-uzbekistana/