18.04.20

Түркияда экспортко чыгаруу үчүн өндүрүлгөн товарларды Азербайжан-Казакстан-Түркмөнстан жана Өзбекстанга жеткирүү үчүн  82 вагондон турган  940 метрлик поезд, Түркиянын Карс шаарынан, жолго чыккандыгы маалым болду.

Түркиянын  “Anadolu Ajansı (AA)” маалымат агенттиги тараткан кабарда, Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун бул маалымат тууралуу берген билдирүүсү жарыяланган. Министр Адил Караисмаилоглу, товар жүктөлгөн поезд, Баку-Тбилиси-Карс темир жолу (BTK)  менен 2020-жылдын 18-апрель күнү жолго чыккандыгын белгилеп келип: “Баку-Тбилиси-Карс темир жолу (BTK) маршурту аркылуу сапарга чыккан поезд, 9 күндүн ичинде баардык жүктөрдү керектүү адресине жеткирип бермекчи” – деп билдирди.

Министр Адил Караисмаилоглу “Anadolu Ajansı (AA)” маалымат агенттигинин журналистине берген маегинде, короновирус илдетине каршы кабыл алынган иш-чаралардын алкагында, бир нече өлкөлөрдүн тышкы соода жүгүртүүлөрү кыйынчылыктарга кептелгендигин билдирди. Түркия,  ал мамлекеттердин тышкы соодасын жандандыруу максатында, өзү өндүргөн товарлары жүктөлгөн, узундугу 940 метр болгон 82 даана вагондон турган  жүк ташыган поезд жолго чыккандыгын белгилеп келип: “Сапарга чыккан поезд 9 күндүн ичинде Өзбекстанга келип жетмекчи.  Коронавирус илдетине каршы алынган чектөөлөрдүн негизинде, бир топ өлкөлөр өзүнүн керектөөлөрүн камсыз кылышы кыйындады. Биздин боордош туугандарыбызга  жиберген  товарларыбыз алардын керектөөлөрүнө жумшалмакчы. Жиберилген товарлар, жөнөкөй тазалоочу каражаттардан баштап, унаалардын  тетиктерине чейинки көптөгөн буюмдар бар”- деп билдирди.

Министр Адил Караисмаилоглунун айтымында, боордош өлкөлөр болуп саналган Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен Баку-Тбилиси-Карс (BTK) темир жолу аркылуу соода жүргүзүүдө, Түркия баардык  коопсуздук чараларды эске алгандыгын белгилеп өттү. Адил Караисмаилоглу: “Өзгөчө азыркы убакта аймактагы бир нече өлкөлөр Баку-Тбилиси-Карс (BTK) темир жолу аркылуу соода жүргүзүп баштады. Азыркы коронавирус илдети жайылып жаткан учурда, коопсуздук чараларын көрүү менен көп көлөмдөгү товарлар ташылууда” – деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Орто Азия мамлекеттерин Европа менен байланыштырган “Темир Жибек Жолу” - деп дагы аталып жүргөн Баку-Тбилиси-Карс (BTK) темир жолунун 2017-жылдын 30-октябрь күнү ачылыш аземи болуп өткөн. Ачылыш аземине, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын ошол кездеги өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев, Өзбекстан  Республикасынын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Грузиянын өкмөт башчысы Гиорги Квирикашвили катышкан болучу.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/dev-ihracat-treni-orta-asya-ya-dogru-yola-cikti/1809378