21.04.20

Өзбекстандын райондорунда жана шаарларында 2020-жылы, 30 миң даана көп кабаттуу батир үйлөрдү куруу болжолдонууда. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев, 20-апрель күнү болуп өткөн жыйналыш учурунда, курулуш иштерин тездетип, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу, мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент биринчи кезекте, бул тармактагы бардык кемчиликтерди тез арада чечүү, ошондой эле калктын турак-жайга муктаждыгы көп болгон аймактарда батирлерди куруу үчүн жер бөлүп берүү зарылдыгы белгиленген. Ушул себептен, Шавкат Мирзиёев курулуш тармагына өлкө казынасынан 3,6 триллион сум (355,1 миллион доллар) акча каражатын бөлүп берүүнү тапшырды.

Өзбекстандын экономикасынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелген  курулуш тармагында, 1 миллион 325 миң жаранын жумуш менен камсыз болгон.

Мындан тышкары, президент ишкердикти өнүктүрүү үчүн мамлекеттик фондун эсебинен жеке ишканаларга мурда алган насыянын суммасынан 50 пайызын төлөп берүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

https://centralasia.news/6516-v-uzbekistane-planiruetsja-stroitelstvo-zhilja-dlja-30-tysjach-semej.html