24.04.20

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-апрель күнү, коронавирус илдетинин өлкөнүн текстиль өнөр жайына тийгизген терс таасирин азайтуу максатында, атайы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу,  президенттин басма сөз кызматы билдиришкен.

Азыркы учурда, Өзбекстандын текстиль тармагында 2000 даана ишкана бар экендиги белгиленип, 365.000 адам жумуш менен камсыз болушкан. 2019-жылы 1,6 миллиард долларга бааланган продукциясын чет өлкөлөргө экспортко чыгарышкан.

Мындай жетишкендиктерге карабастан, бул дагы аздык  кылат. Текстиль тармагы бул көрсөткүчтү 15 миллиард долларга чейин жеткирип,  3 миллиондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошол себептен, Шавкат Мирзиёев даяр продукцияны өндүрүүнү 5 жылда 4-5 эсеге көбөйтүү керек экендигин белгилеп өттү.

Жакынкы мезгилде Наманган, Самарканд жана Ташкент облустарында текстилдик продукцияны өндүрө турган жаңы фабрикалар жана заводдор иштей баштамакчы. Алардын курулуш иштерине 300 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүнгөн болучу.

Өзбекстан пахтадан өндүргөн текстиль буюмдарын Европа Биримдигине (ЕБ) кирген өлкөлөрдүн рынокторуна сатуу үчүн 15% пайыздык салык  жана транспорттук чыгымдарды төлөп келишет. Ошол себептен, кошумча салыксыз Европа Биримдигинин (ЕБ) базарларында соода кылуу үчүн  президент тарабынан GSP + бенефициар статусун алуу тапшырмасы дагы берилди.

https://centralasia.news/6543-prezident-uzbekistana-poruchil-uvelichit-proizvodstvo-tekstilnoj-produkcii.html